Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Экс-министр 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Кылмыш
24 - Май 2017
www.erkintoo.kg
449
Россиянын экс-экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Россиянын Тергөө комитети акыркы редакциядагы айыптоону экс-министрге тааныштырды.
Ага мамлекеттик кызматты ээлеп туруп өтө ири өлчөмдө пара алуу боюнча айып тагылууда. Кылмыш кодексинин 209-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, мындай кылмыш үчүн 15 жылга эркинен ажыратуу, алган паранын 70 эсе өлчөмүндө айыппул салуу жана 15 жылга чейин кандайдыр бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу каралган.
Эске салсак, Алексей Улюкаев 2016-жылдын 15-ноябрында 2 миллион доллар пара алып жаткан учурда кармалган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.