Курс НБ на 01.10.2020 $79,6000 €93,1957

Экс-мэр Албек Ибраимов дагы бир кылмыш ишине шектелүүдө

Кылмыш
18 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
368
 Албек Ибраимов "ТНК "Дастан" ишканасына тиешелүү "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын атайылап арзан сатып жиберген деп шектелип жатат. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  Ибраимовдун өзүнө 17-январда билдирген.  УКМКнын маалыматы боюнча, Албек Ибраимов Президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп турган кезде "ТНК "Дастан" мамлекеттик ишканасынын башкармалык төрагасы Ю.В. буйрук берип, "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын төмөндөтүлгөн баа менен саттырган. Натыйжада мындан мамлекетке 82 750 556 сом зыян келтирилген. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.