
Курс НБ на 20.01.2021 $84,8000 €102,9133

Эки кишини өлтүрүүгө шектелген жаранга издөө токтотулду
Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алды деп шек саналган Сергей Смирновду издөө иштери токтотулду. Бул туурасында Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов басма сөз жыйынында кабарлады. Ал Эңилчек дарыясын сүзүп өтүүдө чөгүп кетиши мүмкүн экенин айтылды. Буга чейин ал чет мамлекетке чыгып кетиши мүмкүн деген божомол болуп, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Смирновго эл аралык издөө жарыялаган.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек