Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Эки бир туугандын чыры өлүмгө алып келди

Кылмыш
14 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
461
Чаткал районуна караштуу Самсар айылында 52 жаштагы аялды иниси бычактап салды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБ да тастыктап, райондо адам өлтүрүү фактысы катталганын билдирди.
Аталган башкармалыктан алынган маалыматка караганда, ушул жылдын 6-апрелинде Сумсар аймактык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жашоочулардан кабар түшкөн. Чаткал РИИБдин атайын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон аял 52 жаштагы Д.Г. экенин аныкташкан. Алгачкы тергөөдө белгилүү болгондой, окуя болгон күнү Д.Г. үйүндө иниси экөө чогуу спирт ичимдигин ичип отурушуп, өз ара пикир келишпестиктен улам чыр чыккан. Ортодогу жаңжалдын айынан иниси ашкана бычагы менен эжесинин көкүрөгүнө бир жолу сайып жиберген. 52 жаштагы аял алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан. «Кызматкерлер тарабынан кылмышка шектүү делип 1973-жылы туулган ошол эле айылдын жашоочусу Д.Ө. кармалды», - деп айтылат маалыматта. Учурда шектүүнүн үстүнөн КЖКнын 97-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Райондук сот тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.