Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Дубайга ителги алып бара жаткан чет элдиктер кармалды

Кылмыш
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
1779
Бүгүн, «Манас» Эл аралык аэропортунан  4 ителгини  алып чыгып бара жаткан жарандар кармалды. Алар ителгилерди  Бишкек-Дубай каттамы боюнча алып кетүүгө аракет кылышкан. Мындай маалыматты  «Манас» аэробекетинде турган Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү маалымдашат. Маалыматтарга караганда, ителгилерди алып чыгууга аракет кылгандар Бирикке Араб Эмираттарынын жарандары болгон. Учурда бул мыйзам бузуу боюнча териштирүү иштери башталган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.