Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Чоң-Алайда өспүрүм айдап келе жаткан Lexus аласалып, эки окуучу кыз каза тапты

Кылмыш
18 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
435

Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында Lexus RX-300 аласалып кеткенин милициядан билдиришкен.

Кырсык 17-сентябрь күнү болжол менен саат 16.30дарда болгон.

"Унааны 17 жаштагы бала айдап келе жаткан. Ичинде ар кыл курактагы окуучу кыздар бар экен. Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, оодарылып калган. 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болду. Калгандары оор абалда ооруканага жеткирилген", — дешти милициядан.

Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө жүрүп жатат.
Булак: Спутник



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.