Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Чен Ксиянфу Кыргызстанда кармалды

Кылмыш
04 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
430
Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ИИМдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын 50 жаштагы Чен Ксиянфу (CHENXIANFU) аттуу жаранын кармашкан. Өз мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн Шандунь провинциясынын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.  “30-августта болжол менен саат 09:30 чамасында кармалган жаран Кытай Эл Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, Бишкек-Урумчи багыты боюнча учуп кетти”,- деп айтылат маалыматта.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.