Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Чек арада балалуу аял кармалды

Кылмыш
11 - Август 2017
www.erkintoo.kg
398

Бул тууралуу 9-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 8-августта “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын тилкесинде 7 жашар баланы Кыргызстандан башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып чыгып кетүүгө аракет кылган кыргызстандык аял кармалган.

“1987-жылы туулган Э.Э. аттуу кыргыз жаранынын документтерин текшергенде, ал чек арачыларга Россия Федерациясы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Ошондой эле балага берилген суроолордун жооптору күбөлүктөгү маалыматтар менен дал келбей калган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми кармалган аялдын айтымында, ал баланын атасы уруксат бербей койгондуктан, жасалма күбөлүктү жасаткан.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү документтер түзүлгөн соң, кармалган аял ИИМ аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Булак: Заман

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.