Быйыл экстремизмге байланыштуу 316 адам кармалды
Быйыл диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын жайылткан 516 факты аныкталып, 316 адам кармалган. Бул туурасында 26-декабрда ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйынында Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев кабарлады. Анын айтымына караганда, экстремизмдин алдын алуу үчүн окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучуларына тегерек столдор өткөрүлгөн.
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек