Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Бөтөн жерде жөн жүрсө болбойбу?

Кылмыш
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
433
Кечээ, 11-октябрда Москва шаарынын түндүк-чыгышында турак үйлөрдүн короосунда токтоп турган автоунаанын капотун дасторконго айлантып арак ичип, шаңдуу олтурушкан төрт адамга унаанын ээси курал колдонууга мажбур болгон.
ӨКМдин мурдагы кызматкери, учурда пенсиядагы москвалык тургун шериктерди адегенде терезеден туруп унаадан алыс болууну эскерткен. Кептин кызуусуна кирген төрт жигит сөз укпаган соң, түшүп келип, сыйлыкка алган тапанчасы менен алардын бирин атып жиберген. Жаракат алып Склифосовский ооруканасына жаткырылган жигит Кыргызстандын 34 жаштагы Мирбек Сырымбетов аттуу жараны болуп чыкты.
Ал эми эки күн мурда, 10-октябрда Москва облусунда кыргызстандык 29 жаштагы жаран орусиялык аялдын 10 миң рубль акчасын тартып алам деп колго түштү Орусияда бул кылмыш үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу каралган. Карын майды чириткен ушундай кумалак кандаштарыбыз бөтөн жерде да жөн жүрбөй Кыргызстандын атына көө жаап жатышкандары өтө өкүнүчтүү.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.