Курс НБ на 09.08.2020 $77,0500 €91,1694

Бөтөн элде жөн жүрбөй...

Кылмыш
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
580
Москва шаарындагы “Four Seasons” мейманканасынын жанынан белгисиз бирөө тарабынан 36 жаштагы жаран ур-токмокко кабылган. Ал Орусиянын жарандыгын алып, соода тармагында алектенген сириялык жаран болгон. Жабырлануучу дароо милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Оперативдүү иш-чаранын негизинде аталган кылмышка тиешеси бар адам катары кыргыз жигит кармалды. Сириялык жарандын бет сөөгү сынып, Москва шаардык илимий-изилдөө институтуна жеткирилген. Ал эми 23 жаштагы кыргыз жигитине саламаттыкка атайылап орто зыян келтирүү айыбы менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.