Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Бразилиянын түрмөсүндө баш аламандык болду

Кылмыш
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
416
Бразилиянын түрмөсүндө эки жолу баш аламандык болуп 33 адам каза тапты. 17-октябрь күнү кечинде  Рорайма  штатындагы Монте-Кристо абагында соттолгондордун ортосунда баш аламандык чыгып 25 адам каза тапса, бир аз убакыт өтпөй 8 киши каза тапкан. Ал эми  «Глоб» телеканалынын маалыматына караганда, биринчи баш аламандык 16-октябрь күнү  соттолгондор жакындары менен жолугушуу убагында чыккан. Анда  ондой бычакчан
адамдар кирип келип,  түрмөнү экиге бөлүп турган тосмону талкалап салышкан.  Жыйынтыгында жүзгө жакын  жолугушууга келген жарандар барымтада калган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.