Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Бишкектин четинде мас айдоочунун айынан эне-бала мүрт кетти

Кылмыш
23 - Август 2017
www.erkintoo.kg
509

Каза болгондордун машинасына мас айдоочу келип бир урунган. Бишкекте катталган жол кырсыгынан эки киши каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ОИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкен.

Жол кырсыгы бүгүн, 23-августта саат 9:00 чамасында Бишкек — Чолпон-Ата жолунун 41-чакырымында катталган.

37 жаштагы адам Audi-100 үлгүсүндөгү автоунаасына 68 жаштага апасын салып Ысык-Көлдү көздөй чыккан. Аларды Nissan үлгүсүндөгү автоунааны айдап келе жаткан мас айдоочу маңдайынан келип сүзгөн.

"Машиналар бетме-бет кагышкан. Сокку катуу болгондуктар Nissan машинасынын мотору жулунуп, бир нече метрге ыргып кеткен. Audi машинасынын айдоочусу менен апасы кырсык болгон жерден каза болгон. Экинчи айдоочунун буту жана кабыргалары сынып ооруканага жеткирилген", — деп милициядан билдиришти.

Аталган факты боюнча бардык экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.


 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.