Курс НБ на 18.02.2020 $69,8406 €75,6129

Бишкекти өтө эле кооздоп жиберишиптир

Кылмыш
23 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
288
Бишкек шаарын 2017-жаңы жылга карата жасалгалоо жана кооздоо иш-аракеттеринен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Маалыматка караганда  2016-жылы ноябрда “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери жаңы жылда аянтты жана калааны жасалгалоо үчүн мыйзам бузуу аркылуу “GrandPRO” аттуу фирма менен 16 млн. 250 миң сомго келишим түзгөн. Мындан сырткары “Бишкексвет” ишканасынын кызматкерлери аткарган жумуштар үчүн берилчү 2 млн. 19 миң сом каражат да аталган фирмага которулуп кеткен. Мындай жол менен мамлекетке 7 млн. 849 миң 600 сом зыян келтирилгени аныкталды,-дейт УКМК. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.