Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Бишкекте жол талашкан айдоочу башка айдоочуга ок чыгарды

Кылмыш
22 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
410

Бишкекте ок атышуу болгонун шаардык милициянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Окуя 21-сентябрда кечинде Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Жаңжалга Honda Fit менен Mercedes үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочулары катышкан. Алар жол талашып кетишкен. Honda Fit унаасынын айдоочусу тапанчасын алып чыгып, экинчи айдоочуну атканда ок анын ийинин жанып өткөн", — деп маалымат кызматы кабарлады.

Учурда эки айдоочу тең кармалып, тергөө амалдары башталды.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.