Курс НБ на 22.08.2019 $69,8160 €77,4818

Бишкекте жети жашар кызды уурдоого аракет кылды делген киши кармалды

Кылмыш
26 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
450
Бишкекте жети жашар кызды уурдоого аракет кылды деген шек менен Талас облусунун 40 жаштагы жараны кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Дордой-1 жаңы конушунун 35 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси жети жашар кызы ойноп жүргөн кезде аны белгисиз бирөө күч колдонуу менен алып кеткенин айткан. Окуядан көп өтпөй жоголгон кызды кошуналары белгисиз бирөөнүн колунан бошотуп, ата-энесине өткөрүп беришкен. Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 123-беренесинин 3-бөлүмү (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 40 жаштагы Талас облусунун тургуну кармалды. Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.