Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Бишкекте өз ымыркайын мууздап, таштандыга таштаган аял абакта асынып каза болду

Кылмыш
25 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
462
Бүгүн, 25-сентябрда АКИпресс агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, каза болгон аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын өлтүргөнү үчүн кармалган.
Ал ымыркайды мууздап өлтүрүп, Киркомстрой району тараптагы таштанды челекке таштап кеткенден кийин изделип, 23-сентябрда кармалган болчу. Аял өз өмүрүнө кармалган күнү кол салган.
Окуя тууралуу:
2017-жылы 14-сентябрь күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Ленин РИИБге борбордогу көчөлөрдүн бириндеги таштанды челекте жаңы төрөлгөн эркек ымыркайдын денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Нарын облусунун 30 жаштагы тургуну М.М. кармалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренеси (жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал баласы төрөлгөндөн кийин мууздап өлтүрүп, таштанды челекке ыргыткан. Аталган иш боюнча бир катар экспертизалар дайындалды.
Булак: Турмуш
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.