Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Бишкекте милиционерлер менен журналистке кол салуу болду

Кылмыш
03 - Август 2017
www.erkintoo.kg
438

Милиция журналист кызды сабап кетүүгө шектелген балдарды кармады. Аялдардын кийимин кийген балдар милиция кызматкерлерине кол салып, журналист Карачач Шакированы сабап кетишкен. Бул тууралуу жабыр тарткан кыз маалымдады.

Анын айтымында, окуя шаршемби күнү, 2-августта, болжол менен саат 05.30дар чамасында болгон. Журналист кыз милиция кызматкерлери менен биргеликте рейдге катышып жүргөн кезде Токтогул жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен чалуу келип түшкөн. Арызданган тургундар жаш балдар ызы-чуу салып, тынчтык бербей жатканын айтышкан.

"Биз жерине жетип барганда эшикти же эркек эмес, же аял эмес бирөө ачты. Ал милиция кызматкерине кол сала баштаганда мен камерага тартып кирдим. Бир маалда аялдардын кийимин кийген бир топ балдар келип камераны сындырып, өзүмдү сабап кетишти. Ооруканадан алган жаракаттарымды аныктадым да милицияга арыз жаздым", — деди Шакирова.

Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан аталган фактыны ырасташканы менен кол салгандар аялдарча кийингенин такташкан жок. Ошондой эле алардын жынысын айтуудан да баш тартышты. Милициянын берген маалыматы боюнча, окуяга шектелип 20 жаштан 28 жашка чейинки адамдар кармалган. Кол салгандар милициянын буйругуна баш ийбей алардын формасын айрып салган. Учурда шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Булак: Спутник


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.