Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Бишкекте кызыл карагайды кыйгандарга издөө салынды

Кылмыш
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
487
Бишкек шаарынын Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч кызыл карагайды белгисиз бирөөлөр кыйып кеткен. Бул тууралуу  мэриянын маалымат кызматы билдирди. Окуя болгон жерге келген "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы менен санитардык-экологиялык инспекциянын адистери келип, кызыл карагай  кол араа менен  кыйылганын аныкташкан. Бул тууралуу акт түзүлүп, күнөөлүүлөрдү аныктоо максатында Свердлов РИИБине кайрылуу жөнөтүлгөн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.