Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Бишкекте эки жаштагы баланы уурдаган кыз 10 жылга кесилди

Кылмыш
15 - Март 2017
www.erkintoo.kg
345
2016-жылдын 14-сентябрь күнү "Дордой» базарында М аттуу кыз,  жабырлануучу Н. кызы Ннын уюлдук телефонун сурап, бирөөгө чалган. Бирок, ал көпкө сүйлөшүп туруп алгандыктан, жабырлануучу 2 жаштагы баласын бейтааныш кызга  карап туруусун өтүнүп, памперс алганы базарга кирип кеткен. Кайра чыккан учурда баласын, телефон менен сүйлөшүп турган кызды да таппай калган. Кыздагы өзүнүн телефонуна чалган учурда "Балаңды алам десең 1000 сомго бирдик сал жана жаныңа дагы акча салып ал" деген. Ошол эле күнү "Ош базарынан" такси менен келип, баланы берип жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Баланы уурдап,  акча талап кылган кыз 6-март күнү Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Эми 1997-жылы туулган М  Кылмыш жаза кодексинин "алдамчылык" жана "адам уурдоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал жазасын аялдар абагында өтөйт.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.