Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Бир ай мурун жоголгон кемпирдин сөөгү таанышынын үйүнөн табылды

Кылмыш
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
549

Майлуу-Сууда жоголуп кеткен 69 жаштагы аялдын денеси анын эски таанышынын үйүнөн табылганын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рустамбек Жумабаев аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, маркум Тамара Гузованын денеси 17-январь күнү Түлөбердиев көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну Ю.Казаков аттуу жарандын үйүнүн артынан табылган Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. "Жашы 70ке таяп калган Гузова былтыркы жылдын декабрь айынан тарта жоголуп кеткен. Тынчсызданган кошуналары милицияга кабарлашкан. Быйылкы жылдын 5-январынан тарта иш каттоого алынып, тартип сакчылар издөө иштерин баштаган. Ыкчам маалыматтардын негизинде кылмышка шектүүнүн үйү текшерүүгө алынган. Натыйжада тамдын аркасында үйүлгөн бөтөлкөлөрдү алдырганда жер казылганы байкалды", — деди Жумабаев. Анын айтымында, 70 сантиметр тереңдиктен аялдын сөөгү табылган. "Маркумдун сөөгү жерде бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана маркум менен тааныштык жайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Ал буга чейин Гузованын жоголгонуна тиешеси жок экенин айтып келген", — деди Жумабаев. Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Тамара Гузова шаардын Ленин көчөсүндө жалгыз жашачу. Анын жалгыз кызы Россияда жашайт.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.