Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Бет капчан 2 кыз борбордогу павильонду тоноп кетти

Кылмыш
29 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
488
 Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматына борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 27-сентябрда болжол менен саат 14:30 чамасында медициналык бет кап кийген эки кыз анын соода павильонуна кирип, бири аны оозун жаап, муунтканга аракет кылса, экинчиси кассадан 6 миң сом алып качып кетишкендигин айткан.
Милиция кызматкерлери изи сууй электе аталган кылмышка шектүү делген 20 жаштагы М.С. атуу кызды кармашкан. Ал эми экинчи кызды кармоо боюнча оперативдүү-издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.