Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Беловодскиде бир кызды кызганган өспүрүм досун бычактап өлтүрдү

Кылмыш
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
619
 Чүйдө жакшы көргөн кызын кызганып, өзүнүн досун өлтүргөн 17 жаштагы өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 7-январында Беловодск айылынын 51 жаштагы тургуну Л.В. 15 жаштагы уулу С.Н. саат 19:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон келбегенин милицияга билдирген. Москва РИИБнин ыкчам тобу өспүрүм достору менен жүргөнүн тактаган.
Андан көп өтпөй милиция кызматкерлери айылдагы турак үйлөрдөн алыс эмес жайгашкан саздын чыгыш тарабынан денесине алты жана жүрөк тушуна үч жолу бычак сайылган жансыз денени  табышкан. Ал 15 жаштагы С.Н. болуп чыккан. Бул кылмышка шектүү делип Беловодск айылынын тургуну С.В. кармалды. 
«Окуяны толук жана объективдүү иликтөө үчүн шектүүнүн үйү текшерүүгө алынды. Төшөктүн астынан каза болгон балага тиешелүү «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана жабырлануучуга сайылган бычак табылды», - деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, шектүү С.В. менен жабырлануучу С.Н. достордон болгон. Эки дос бир кызды жакшы көрүп калышкан. Андан улам алардын ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, кызганычтан улам шектүү досун бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.