Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Бажалар көчөдөн өтүп бара жаткан аялды зордуктап, сабап өлтүрүшкөн

Кылмыш
05 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
464
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бейтааныш аялды зордуктап, андан кийин өлтүргөн эки шектүү кишини соттоду.
АКИpress агенттигине прокурор Бакыт Доктурбеков билдиргендей, шектүүлөр — 1979-жылы туулган С.Байжан менен 1989-жылы туулган Т.Жаныбекке карата өкүмдү төрагалык кылган судья Эмил Кайыпов окуду. Кылмыш иш 1983-жылы туулган К.Н. аттуу аялдын өлүмү боюнча козголгон.
Тергөө иштери менен белгилүү болгондой, 2017-жылы 10-мартта саат 22:00 чамасында борбордогу Достук кичи районунун аймагынан эки бажа бирге спирт ичимдигин ичишкен. Алардын жанынан К.Н. өтүп бара жатканын көрүп, аны зордуктоо тууралуу сүйлөшкөн.
Маалыматта айтылгандай, жабырлануучу кызды алгач Жаныбек чакырган. Жакын келген кызды Байжан күч менен кармап, кучактап, өпкүлөп баштаган. Каршылык көрсөткөн кызды Байжан ошол жердеги үйгө алып кирип, зордуктоого аракет кылган. Ал ортодо Жаныбек кызды сабап баштаган. Башына катуу жаракат алып, эс-учун жоготкон кызды экөө кезеги менен зордуктап, андан кийин 100 метрдей алыс жерге алып барышкан.
«Жабырлануучу өзүнө келгенде шектүүлөр аны кайрадан тепкилеп, кайрадан эс-учун жоготкон. Андан кийин ар бири 10-15 мүнөттөн зордуктап, кылмышты жашыруу максатында каза болгуча сабашкан», - деди прокурор.
Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар бөтөлкө менен дагы зордуктаганы белгилүү болгон.
Сот отурумунда прокурор Б.Доктурбеков айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденгенин айтып, өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.
Отурумдун жыйынтыгында судья Э.Кайыпов С.Байжан менен Т.Жаныбекти өмүр бою эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарды.
Булак: Турмуш
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.