Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

Базарда бастырма астында калгандардын экөөсүнүн абалы оор

Кылмыш
30 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
482
“Алканов” базарында бастырма астында калган беш адамдын  экөө оор абалда. Алар №4 шаардык ооруканада дарыланып жатышат. Базардагы кырсыкты күч органдары текшерүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди.
 Маалыматка караганда  кар оор түшкөн учурда эле базар ээлерине чатырларды тазалап, коопсуздук чараларын көрүү тапшырылган. Бирок буйрук бардык соода жайларында тегиз аткарылган эмес.  Учурда “Алканов” базары толугу менен, ал эми “Дордойдун” эки катары жабык турат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.