Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Башы жок денеси таштанды челектен табылган аялдын өлүмүнө өзүнүн келини шектелип кармалды

Кылмыш
29 - Август 2017
www.erkintoo.kg
445
Ош шаарында башы кесилген денеси таштанды челекке ташталган аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул оор кылмышка каза болгон аялдын 1990-жылы туулган келини жана анын эжеси шектелүүдө. Алар бүгүн, 29-августка караган түнү камакка алынганын Turmush басылмасы кабарлады.
Окуя тууралуу:
27-август күнү саат 10:30 чамасында Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын түштүк тарабындагы таштанды салынуучу контейнердин ичинен «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан 40-55 жаштар чамасындагы аялдын башы жок денеси табылган. Расмий билдирүү боюнча, анын бутун да кескилөөгө аракет кылышкан.
Таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, жансыз дене оролгон кѳшѳгѳ, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.