Курс НБ на 24.09.2020 $79,3499 €92,4942

Балыкчыда жигиттер милиция кызматкерлерине ок чыгарышкан

Кылмыш
07 - Август 2018
www.erkintoo.kg
497
Алар тартип сакчыларына  мергенчинин мылтыгынан ок чыгарышканын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Кечээ 6-августта саат 23:20 чамасында милицияга көчөлөрдүн биринде жаш жигиттер чогулуп, ок атуучу куралдан атып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 4-5 адамдан турган жигиттердин тобу аларга жакындап келе жаткан милиция кызматкерлеринин унаасын көрүп тартип сакчыларын көздөй ок чыгарышкан. Андан соң унааны таш менен ура башташкан. Милиция кызматкерлери табелдик куралдан эскертип асманга атышкан. Бирок балдар аларга баш ийбей окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет жасашкан, - деп билдиришти ИИБден. Иликтөөнүн жүрүшүндө Тоң районунун Шорбулак айылынын жашоочусу 20 жаштагы А.Данияр жана Балыкчынын 20 жаштагы тургуну У.Бакыт кармалган. Экөөндө тең ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү мергенчинин 2 мылтыгы, 3 патрон болгон. Сурак учурунда алар ошол учурда балдар менен жолугушууга бара жатышканын айтышкан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.