Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Балдарды мушташтыргандар жоопкерчиликке тартылат

Кылмыш
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
415
Эки кичинекей баланын биринин бети кан жалаганча мушташканы тартылган видео боюнча иликтөө башталды. Учурда Ички иштер министрлигинин атайын ыкчам тобу окуя кайсы жерде болгонун тактап жатат. Азырынча видеодогу мушташ Кыргызстандын аймагында же башка өлкөдө болгонбу – белгисиз. Эскерте кетсек, мектеп жашына чейинки балдардын мыкаачылык менен мушташуусу 2 күн мурда интернетте тараган. Анда балдарды уруштуруп коюп, аларды чоң кишилер тегеректеп турганын байкоого болот. Карап турган чоң кишилер  бөбөктөрдүн канжалаганына карабай, бири-бирине тукуруп, кайраштырышууда.
Мээрим бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.