Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды

Кылмыш
25 - Август 2017
www.erkintoo.kg
435
ИИМдин кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жарандарды кармашып, текшерүү учурунда 1 килограммдан ашык баңгизаты алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 21-август күнү Ош шаарынын милиция кызматкерлери "Дэу-Матиз" үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда ичинен 781 грамм гашиш табылган. Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүмүнүн (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.