Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Баңгизат сатууга аракет кылып жүргөн аял кармалды

Кылмыш
23 - Март 2017
www.erkintoo.kg
423
Ош шаарында баңгизатын сатуу максатында алып жүргөн 57 жаштагы аял кармалды. Анын өздүгү такталып, Жалал-Абад облусунун Кѳк-Жаңгак шаарынын тургуну А.К. экени белгилүү болду.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү иштерин баңгизаттарды жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү башкармалыгынын ыкчам тобу жүргүзгөн. Аялды текшерүү учурунда 907 грамм салмактагы зат алынып, экспертиза гашиш экенин аныктаган.  Кылмышка шектүүгө карата баңгизатты мыйзамсыз сактаганы үчүн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.