Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Азимжан Аскаровго сот өкүмү 17-январда чыгарылат

Кылмыш
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
518
Азимжан Аскаровго сот өкүмү 17-январда чыгарылат. Соттук коллегия бүгүнкү отурумда тараптардын пикирин укту. Мамлекеттик айыптоодон кийин жактоочулар сөз сүйлөп, аны менен бирге Азимжан Аскаровго да сөз берилди.
Андан соң процессуалдык мыйзамдарга ылайык сот акыркы чечимди чыгарышы керек.
Эске салсак, Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуяларында милиция кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. 
Бирок өткөн жылы апрель айында БУУнун адам укуктары комитети Аскаровдун өкүмүн жокко чыгаруунун талап кылган. Буга байланыштуу кылмыш ишин - жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Чүй облустук соту карай баштаган. 
Бул процессти мурдагы баш мыйзамдагы 41-берене аркылуу ишке ашыруу мүмкүн болгон. Бирок декабрь айында өткөн референдум эл аралык уюмдардын өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсүн толугу менен жокко чыгарды.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.