Курс НБ на 22.08.2019 $69,8160 €77,4818

​Азимкан Жусубалиев 20 жылга эркинен ажыратылабы?

Кылмыш
19 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
69
Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча жараян өтүп, мамлекеттик айыптоочулар Азимкан Жусубалиев жана аны менен бирге айыпталган эки адамдын күнөөсү далилденгенин билдирди. "Прокуратура Жусубалиевди күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана 500 миң сом айыппул салууну сурады. Аны менен бирге айыпталган Болот Токтобаевдин үй- мүлкүн мамлекетке чегерүү менен кошо төрт жылга кесүүнү жана Бехруз Гулрузовго козголгон кылмыш ишин 314-беренеге өзгөртүү менен 2 миллион сом эсеп көрсөткүчүндөгү айыппул салуу сунушталды",-делет Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынын маалыматында.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу