Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Азербайжандын вице-премьеринин небереси кылмыш жообуна тартылат

Кылмыш
09 - Август 2017
www.erkintoo.kg
400
Баку шаарынын борбордук бөлүгүндө жол-транспорт кырсыгын жасап, эки адамдын өлүмүнө себепчи болгон Азербайжандын вице-премьер-министри Али Гасановдун небереси Наиль Аллахвердиев кылмыш жообуна тартылат. 777 номерлүү Геленваген автоунаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып Нил Аллахвердиев ВАЗ-2115 автомашинасын сүзүп, андан соң башкаруусун жоготуп жолдун каршысында турган жөө адамдарды уруп кеткен. Натыйжада Түркиянын эки жараны жаракат алышып, жергиликтүү эки жаран кырсык болгон жерде жан берген.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.