Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €85,1327

Аялынан кутулуу үчүн банкты тоноого кирген

Кылмыш
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
660
Америкада  70 жаштагы киши аялынан кутулуш үчүн Канзастагы банкка уурулукка кирди. Мындай маалыматты РИА Новости  Kansas City Star гезитине шилтеме берип жазды. Маалыматтарга караганда, кишини суракка алган учурда банкка ууруга аялынан кутулуу үчүн кирген. Ал банк кассирине келип менин куралым бар, мага акча бергиле деп кагазга жазган. Банк кызматкери анын айтканын аткарып, акчаны баштыкка салып бергенден кийин,  ал кетип
калбай банктын ичинде отура берген. Жыйынтыгында полиция кызматкерлери аны кармап, салып кетишкен. Сотто ал аялы менен урушуп кетип, банкты тоноого баргандыгын жана аялы менен жашагандан көрө абакты артык көрөрүн билдирген.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.