Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

Аялын сабап, унаа менен сүйрөткөн

Кылмыш
19 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
89
Ош шаарында мончодон кеч чыкканы үчүн күйөөсү жубайын унаа менен сүздүрүп, сүйрөп кеткен. Бул туурасында  Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 17-февралда катталган. Жабырлануучунун маалыматына караганда, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайра кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калса, 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.