Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Аялы менен карыган кайын энесин бычактаган киши кармалды

Кылмыш
03 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
440
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак, 31-мартта "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд боюнча коомдук транспортторду текшерүү мезгилинде  50 жаштагы   К.С. аттуу жаранды кармашкан.  Ал жарандын жашаган үйүнүн короосуна кирген кезде короосунун оң жак капталында болжол менен жашы 80-85 курагындагы аялдын канжалап жаткан денеси табылган. Ошол учурда милиция кызматкерлери үйдүн ичинде кичинекей кыздын ыйлаган ыйын угуп чуркап барышканда жашы 40-45 жаштагы аялдын канга боелуп, ичегилери чубалып жаткан. Аны тез жардам кызматы алып кеткен. Бул кылмышты жасаган жаран 50 жаштагы К.С. жабырлануучулардын бирөөсү кайненеси болсо, экинчиси аялы болгон. Ал эми үйдүн ичинде ыйлап отурган жашы 10-12 чамасындагы кичинекей кыз К.С.нын кызы экендиги аныкталды. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБнин ыкчам-тобу барышкан.Шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.