Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Автоунаа айдап качкан жигиттер кармалды

Кылмыш
18 - Август 2017
www.erkintoo.kg
473

Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь РИИБне Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, ушул жылдын 22-июль күнү кичи райондордун биринен “Мерседес-Бенс” үлгүсүндөгү автоунаасы уурдалгандыгын билдирген.

Бишкек ШИИББдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган К.Т. жана М. Б. аттуу жашоочулары кармалган.

“Жогорудагы факты боюнча Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалышып, тергөө иштери жүрүүдө”,- деп айтылат маалыматта.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.