Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

​Аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан товар кармалды

Кылмыш
03 - Март 2020
www.erkintoo.kg
80
Өлкөгө аткезчилик жол менен ташылып келген баасы 1 млн 410 миң сомдук товарлар кармалды. Бул туурасында  Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын кызматкерлери Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Жаштык айылында Ж. уулу Н. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “DAF ХF95” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Текшерүү учурунда  Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20250 кг болгон куратылган жер-жемиштер табылган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу