Курс НБ на 14.10.2019 $69,8079 €77,0016

Ата бала жазаларын алышты

Кылмыш
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
461
Казакстандын Улуттук пресс клубунун президенти Сейтказы Матаев менен анын уулу “КазТАГ” агенттигинин генералдык директору Асет Матаев шылуундук аракеттери жана салык жашыргандыгы үчүн жазага тартылышты.
Астананын соту Сейтказы Матаевди 6 жылга, Асет Матаевди 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлктөрүн конфискациялоого өкүм чыгарды.
Кошумчаласак, ата бала Матаевдер быйыл 22-февралда өлкөнүн антикоррупциялык кызматы тарабынан көз боёмочулуктары үчүн камакка алынган. Аларга 893 миң доллар акча каражатын алдамчылык жол менен ээликтеп алууга аракет жасашкан деп айып тагылган. Тергөөнүн жүрүшүндө 140 миң доллар кайтарылган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.