Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Аскерлер мушташып, бирөө каза болду

Кылмыш
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
606
Ош облусундагы №01525 аскердик бөлүгүндө ефрейтор менен катардагы жоокер мушташып, бирөө каза болду. Бул тууралуу  КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Окуя 6-сентябрда кечки саат жетилер чамасында болгон. "№ 01525 аскердик бөлүгүнүн аскер кызматчылары контракттык кызматтын ефрейтору Ташбалта уулу Эламан менен мөөнөттүү кызматтын катардагы жоокеринин ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташууга чейин жеткен. Анын кесепетинен Ташбалта уулу Эламан ар түрдүү жаракаттарды алып эс-учун жоготуп, Ош шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болгон. Учурда окуя тиешелүү органдар тарабынан  иликтөөгө алынды. Бул тууралуу sputnik.kg жазып чыкты.
Жазгүл  Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.