Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Арча-Бешикте жаш кыздын өмүрүн алган авариянын күнөөкөрү аныкталды

Кылмыш
10 - Август 2017
www.erkintoo.kg
516

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Арча-Бешик жаңы конушунда адам өмүрүн алган жол кырсыгына Volkswagen Transporter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу күнөөлү экени аныкталганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 8-августта болжол менен саат 9:40тар чамасында №202 маршрутканы Volkswagen Transporter үлгүсүндөгү автоунаа бурулуштан капталга сүзүп, 19 жаштагы кыз каза болгон. Дагы 11 киши түрдүү жаракаттарды алган.

"Бүгүн Volkswagen атвоунаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жол эрежесин бузуу боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу жол чыракка карабай өтүп кеткени аныкталууда.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.