Курс НБ на 22.08.2019 $69,8160 €77,4818

Ападан айлангыр!..

Кылмыш
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
518
Тажикстандын Хатлон облусундагы Дангарин районуна караштуу Кайнама кыштагында өз энесин тирүүлөй жерге көмүп салган жаран кармалды. 23 жаштагы Тагаймурод Миров 17синен 18-сентябрга караган түнү 52 жаштагы энеси Садафмо Нурова менен жаңжалдаша кетип, күрөк менен сабап эстен тандырган. Андан соң энесинин колу бутун байлап, оозун кемечтеп тирүүлөй эле жерге көмүп салган. Милиция кызматкерлери 22-сентябрда Нурованын денесин ушундай абалда Дангара районуна караштуу Рахшонзамин кыштагында жашаган 60 жаштагы тургундун короосунан 1 метр тереңдиктен каздырып алышкан.
Адегенде аялдын бир нече күндөн бери жоктугу кошуналарын шек санаткан. Өлүктүн жыты айланага тарай баштаганда алар милицияга кайрылууга аргасыз болушкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.