Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Алматылык журналистке кол салуу болду

Кылмыш
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
445
Алматыда белгисиз адам  Ирина Медникова аттуу журналистке кол салган. Мындай маалыматты ал Фейсбуктагы баракчасына жазган. Окуя 12-октябрь күнү кечинде жүрналист жашаган үйдүн жанында болгон. Кол салган киши аны тизелери канагычакты жер менен сүйрөп, машинага уруп, сумкасын жулуп алып
качып кеткен. “Казакстан Жаштар маалымат кызматы” коомдук уюмунун директору Медникованын айтымында, сумкада Атырауда өтө турган медиа иш-чарасына арналган материалдар жана документтер болгон. Анын айтымына караганда, кол салуу журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Ирина Медникова оппозициялык «Республика» гезитине макала жазчу. Аталган редакция жана анын журналисттери 2000-жылы басылма ачылгандан бери куугунтукка кабылып келет. Казакстанда ал “экстремисттик гезит” деп табылган жана соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.