Курс НБ на 03.08.2020 $76,8433 €90,4984

Актөбөдөгү кол салуунун жети катышуучусу өмүр бою эркинен ажыратылды

Кылмыш
29 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
496

Казакстанда сот Актөбөдөгү куралдуу кол салуунун жети катышуучусун өмүр бою эркинен ажыратты. “Интерфакс” кабарлагандай, дагы эки адам 22 жана 25 жылга түрмөгө кесилди.

Актөбөдө 5-июнда ондогон киши курал саткан дүкөндү тоноп, андан соң аскер бөлүгүнө кол салган. Террорчуларга каршы операция учурунда кол салгандардын бир бөлүгү (расмий маалыматтар боюнча 18 адам) өлтүрүлгөн.

Кандуу окуя маалында төрт жай тургун жана үч аскер кызматкери дагы көз жумган. Жоопкерчиликти “Казакстанды куткаруу армиясы” аттуу топ өзүнө алган. Бирок казак атайын кызматы мындай уюмдун жок экенин билдирген.

Бийлик кол салууну теракт катары мүнөздөгөн. Казакстан Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик төнкөрүш аракетине бөгөт коюлганын жарыялаган. УККнын ырастоосунда аны өлкөдөгү белгилүү ишкер Тохар Тулешов жетектеген.
Булак: Борбордук Азия жаңылыктар кызматы



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.