Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

АКШда 27 жыл мурда адам өлтүргөн аял кармалды

Кылмыш
29 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
475
АКШнын Флорида штатында 27 жыл мурда адам өлтүргөн аялды кармашкандыгын Sun Sentinel басылмасы маалымдады.
1990-жылы Велингтон шаарында жашаган Марлин Уоррен аттуу аялдын үйүнө клоундун беткабын кийген белгисиз адам келип эшик кагат. Эшик ачылганда клоун Марлинге карата ок чыгарып, качып кетет. Полиция маркумдун күйөөсү Майкл Уорренден жана анын ойношу Шила Кинден күмөн санашат жана клоундун кийимин, ошондой эле гүлдесте менен шарик саткан дүкөндөрдү табышат. Сатуучулар Шила Кинди таанып бергендигине жана анын үйүнөн клоундун кийими табылгандыгына карабастан, тергөөчүлөр анын күнөөсүн мойнуна коё алышпайт. Ошентип эки жылдан кийин иш жабылат. 2014-жылы тергөө кайрадан жанданып, Палм-Бич округунун полициясы күбөлөрдү кайра сурамжылашат. Маркумдун жубайы Майкл Уоррен менен Шила Кин үйлөнүп, Теннесси штатына көчүп барып ресторан ачышканы аныкталат. Табылган кийимди кайталап экспертизадан өткөргөндө ДНК анализи Шила Кинге таандык болуп чыгат. Адам өлтүрүү үчүн айыпталган Шила Кин 26-сентябрда камакка алынды.
Атай Алтымышев
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.