Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

АКШ, Канадага туруктуу жашаганга жөнөтүүгө акчаларын алып жүргөн шылуун кармалды

Кылмыш
17 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
442
АКШга туруктуу жашаганга жөнөтөм деп алдап ишенимге кирип жабырлануучунун 6500 долларын алып из жашырып кеткен адам кармалды, деп билдирди Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.
Маалымдалгандай, 14-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине 1983-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаран кайрылып, аны АКШга туруктуу жашоого жөнөтөм деп алдап ишенимге кирип, 6500 долларын алып из жашырып кеткен Мирлан аттуу адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факт Свердлов РИИБде катталып, КР КЖКнын 166-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Мирлан аттуу жаран аныкталды - ал Жалал-Абад облусунун тургуну 1976-жылы туулган Өмүралиев Мирлан Султаналиевич болгон.
Ошол эле күнү Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаанын Абдрахманов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде аты аталган адамды кармашты.
Учурда ал ири өлчөмдөгү алдамчылыктын 7 эпизоду боюнча өтүүдө. М.Өмүралиев жарандарды ошондой эле Канадага туруктуу жашаганга кетирем деп алдап акчаларын алып жүргөнү белгилүү болду.
Шаардык милиция сүрөттө көрсөтүлгөн адамдан жабыркагандар болсо 0703 000-570, 0557 05-03-03 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.