Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Айылдаштарын бычактаган жаран изделүүдө

Кылмыш
22 - Май 2017
www.erkintoo.kg
428
17-майдан 18ине караган түнү бир нече айылдашы менен чатакташып, натыйжада төрт кишини бычактап, качып кеткен Ноокен районунун тургуну  22 жаштагы Достонбек Салиевге издөө жарыялады. Бул тууралуу Ноокен райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда жабыркагандар жергиликтүү ооруканага кайрылышкан. Аларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Ноокен райондук милициясы кылмыш ишин козгоду.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.