Курс НБ на 11.08.2020 $77,4202 €91,1352

​Айеркен Саймаитинин өлүмүн бир миң доллар үчүн ишке ашырышкан

Кылмыш
14 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
168
Бул тууралуу Түркиянын укук коргоо органдары билдиргендигин ал өлкөдөгү басмылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, аны өлтүрдү деп шектелгендер Түркияга жасалма паспорттор менен Хусеин Ахмет (Hüseyin Ahmet Aliyev) жана Абдуллах Энвер (Abdullah Enver)болуп кирген.Айеркен Саймаитинин өлтүрүү операциясы эки апта даярдалган. Ошондой эле кол салуу Кыргызстандагы аласа-бересе маселесинен улам жана Саймаити «мусулман эмес болчу» деген себеп менен өлтүрүлгөн.Шектүү катары кармалгандар Сирияда таанышып, Айэркен Саймаитини өлтүрүү үчүн бир ай мурун Стамбулга келген. Ал эки адам Сириянын Идлиб провинциясындагы “ан-Нусра” террордук уюмунан бөлүнүп чыккан экстремисттик топко мүчө болушкан. Азырынча алардын жарандыгы тууралуу расмий маалымат бериле элек.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.