Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

Айэркен Саймаитиге байланыштуу кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү

Кылмыш
25 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
201
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди. Айэркен Саймаитиге байланыштуу иликтөө материалынын негизинде, Генералдык прокуратура тарабынан, 22-ноябрда сотко чейинки өндүрүш иши катталган. "УКМКга тапшырылган материалдарда Саймаитинин маеги жана анын Матраимов менен болгон байланышы көрсөтүлгөн. Бул материалдар "адамдын өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачууга негиз болду. УКМКнын маалыматы боюнча Айэркен Саймаитиге буга чейин бир нече жолу коркутуулар болгон. Ошондуктан ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул маалымат менен "Азаттык" тараткан маалымат бир өндүрүшкө бириктирилди", - деп айтылат маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.