Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Адам өлтүрүүгө шектүү жаран милицияга өзү келди

Кылмыш
19 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
352
Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы Р.Дж. аттуу жаран аталган райондун Туз айылынын беде талаасынан 2017-жылдын 16-апрель күнү 33 жаштагы адамды бычактап өлтүрүп салганын билдирип, өз күнөөсүн моюнуна алып кайрылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке барышып, талаадан 33 жаштагы Б.К. аттуу адамдын жансыз денесин табышкан. Денеге кароо жүргүзүү учурунда денесине сайылган бычактын бир нече издери байкалып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө учурунда шектүү жаран 16-апрелде каза болгон адам менен уруша кетип аны бычак менен сайып салганын айткан. Андан соң жолдон өтүп бара жаткан жүк ташуучу автоунаага отуруп, Сокулук райондук милиция бөлүмүнө кирип окуя тууралуу айтып берген.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.